Улуттук банк дагы 14,5 млн доллар сатып алды

1 апреля 2022, 09:24

Улуттук банк валюта рыногундагы абалды турукташтыруу максатында дагы 14,5 млн доллар сатып алды. Бул тууралуу борбордук банктын расмий сайтында маалымдалган.

Белгилей кетсек, 30-мартта, алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында Улуттук банк 5,4 млн доллар суммасында чет өлкө валютасын сатып алуу боюнча валюта интервенциясын жүргүзгөн.

"Улуттук банк ички валюта рыногу боюнча катуу талап койгон жөнгө салуучу болуп саналбайт жана валюталар курсунун тенденциясын аныктабайт, ал алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жеңилдетүү максатын гана көздөйт", - деп айтылат маалыматта.