Улуттук банк 2.05 млн $ сатып, кезектеги интервенцияны өткөрдү

23 ноября 2020, 09:15

Кыргызстандын Улуттук банкы ноябрда кезектеги валюталык интервенцияны өткөрдү. Бул ирет регулятор курстун абалын жакшыртуу үчүн 2.05 млн доллар сатты.

Кошумчалай кетсек, бул ноябрь айында өткөрүлүп жаткан алтынчы интервенция. Валюта курсун жакшыртууу учүн Улуттук банк жалпысынан ноябрда 57 млн 50 миң доллар сатты.

Муну менен катар америка валютасы коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда эч өзгөрүүсү з бойдон калууда. Сатып алуу 84.7 сом, сатуу — 84.9 сом менен турат.