Улуттук банк эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын токтотту

20 апреля 2022, 17:18

Бишкектеги «Байкут и Ко» жана «Ариет финанс» акча алмаштыруучу жайлардын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүнаталган акча алмаштыруучу жайлардын лицензияларынын аракети токтотулду.

20-апрелинен тартып 24-апрелин кошо алгандагы мезгил аралыгына:

  • Бишкек шаары, Москва көчөсү 164-үй, 12-кв. дареги боюнча жайгашкан «Байкут и Ко» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 27-апрелиндеги № 6115 лицензиясы;

2022-жылдын 20-апрелинен тартып 4-майын кошо алгандагы мезгил аралыгына:

  • Бишкек шаары, Манас проспекти 59-үй, 2-кв. дареги боюнча жайгашкан «Ариет финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2020-жылдын 22-июлундагы № 5997 лицензиясы.