КР эл аралык резервдери жыл башынан бери 70 млн $ азайган

7 апреля 2020, 13:00

Кыргызстандын эл аралык резервдери жыл башынан тарта 70 млн долларга кыскарды. Бул тууралуу Улуттук банктын материалында жазылат.

Март айынын жыйынтыгы менен резервдин көлөмү 2 млрд 361.8 миң $ түзгөн. Февраль айы менен салыштырып караганда резервдин көлөмү 32.21 млн $ же 1.35%, январь айына салыштырмалуу - 70 млн $ же 2.88% төмөндөгөн.

Эске сала кетсек, март айынын башында Улуттук банк валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн 109.7 млн долларга 4 интервенция өткөргөн. Ал эми 2020-жылдын башында УБ интервенцияны 216.9 млн долларга жасаган.