Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

28 ноября 2023, 10:30

Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды. Бул тууралуу мекеменин коммуникация жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчи орун басары Ильичбек Султанкулов билдирди.

Анын айтымында инфляциянын көрсөткүчү ноябрь айында 8 пайызды түзгөн. Бул жыл башына карата белгиленген көрсөткүчтөн 6,7 пайыздык пунктка төмөн экени белгиленди.

Эсептик чен инфляцияны ооздуктоочу негизги каржылык каражаттардын бири. Ал жогоруласа, инфляциялык процесстер акырындайт, бирок экономиканын өнүгүү темпи төмөндөйт.