Улуттук банк финансы уюмдарына кыскартылган режимде иштөө сунушун берди

12 октября 2020, 12:30

Финансы уюмдарына саат 09:00-15:00гө чейин иштөө сунушу Улуттук банк тарабынан берилди.

Белгиленгендей, Улуттук банк, коммерциялык банктар жана башка финансы-насыя уюмдары экономикалык секторлордун, ишкерлердин жана калктын негизги банктык кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын аткаруу үчүн үзгүлтүксүз иштөөдө.

Улуттук «Элкарт» төлөм системасы штаттык режимде иштеп жатат.

Финансы уюмдары накталай эмес төлөмдөрдү, улуттук төлөм системасы аркылуу жүргүзүлүүчү төлөө жана которуу операциялары, физикалык жактарга акча которуу эсеп ачылбастан жүргүзүлөт.