Улуттук банк 21.15 млн $ сатып, кайрадан интервенция өткөрдү

11 декабря 2020, 09:05

Кыргызстандын Улуттук банкы 10-декабрда кайрадан интервенция өткөрдү. Бул ирет регулятор 21.15 млн доллар сатты.

Белгилей кетсек, бул декабрь айындагы үчүнчү интервенция. Жалпысынан Улуттук банк декабрда 36.7 млн доллар сатты. Жыл башынан берки бул 29-интервенция, жалпысынан — 467.15 млн доллар сатылды. Муну менен катар америка валютасынын баасы коммерциялык банк жана акча алмаштыруучу жайларда 84.75 — 84.9 сомду түзүүдө.

Кошумчалай кетсек, Россияда Борбордук банктын маалыматына ылайык, рублдун долларга карата курсу 73.7 рублду түзүүдө. Акыркы жумаларда доллардын наркы төмөндөп жатат.