Улуттук банк 26 млн $ сатып, кезектеги интервенцияны өткөрдү
Улуттук банк бүгүн кезектеги валюталык интервенцияны өткөрдү. Анда регулятор 26 млн 800 миң доллар сатты. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
Азыркы учурда коммерциялык банктарда доллар 84.9 сом, евро - 100.8 сомдон 101 сомго чейин сатылууда.
Эске сала кетсек, Улуттук банк акыркы ирет 30-октябрда 42.4 млн доллар сатып, интервенция өткөргөн.