Улуттук банк 6.6 млн доллар сатып, кезектеги интервенцияны өткөрдү

10 сентября 2020, 09:10

Улуттук банк бул жылдын эсебинен онунчу интервенциясын өткөрдү. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.

Улуттук банк интервенцияны кечээ, 9-сентябрь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 16:00 6.6 млн долларга өткөрдү. Америка валютасын 79.1 сомдон сатты.

Кошумчалай кетсек, кечээ күнү доллардын наркы 79.1-79.8 сомго чейин жогорулаган.

Эске сала кетсек, жыл башынан бери улуттук курстун наркын сактоо үчүн башкы регулятор тарабынан 233.9 млн долларга интервенция өткөрүлдү.