Улуттук банк аукциондо 3 млрд сом жайгаштырат
24-ноябрда 7, 14 жана 28 күндүк Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу банктан маалымдашты.
Биргелешкен сумманын көлөмү 3 млрд сомду түзөт, анын ичинен:
- 800 млн сом — 7 күндүктөрдүн эсебинен;
- 1 млрд сом — 14 күндүктөрдүн эсебинен;
- 1.2 млрд сом — 28 күндүк ноталардын эсебинен.