Улуттук банк кезектеги ири интервенцияны жасады - $ 42,4 млн сатылды

30 октября 2020, 10:52

Улуттук банк валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн 29-октябрда кезектеги интервенцияны жасады. Бул тууралуу аталган банктан маалымдады.

Улуттук банк валюта рыногунда 42,4 миллион доллар сатты.

Ошентип, жыл башынан бери 15-интервенция жүргүзүлдү. Бул аракет улуттук валюта сомду колдоо максатында ишке ашууда.

Акыркы кезде Кыргызстанда доллардын сомго карата курсу жогорулап жатат. Бүгүнкү күндө бир доллардын сомго карата наркы сатуу 81,7 сом, сатып алуу 81,9 сом.