Улуттук банк коммерциялык банктарга берген насыянын төлөө мөөнөтүн 2 жылга жылдырды

16 апреля 2020, 15:21

Улуттук банк, 2018-жылдын май айында аукциондун негизинде коммерциялык банктарга берген насыялардын кайра төлөө мөөнөтүн 2 жылга жылдыруу чечимине келди.

Тийиштүү чечимге 2020-жылдын 15-апрелинде Улуттук банк тарабынан кол коюлган.

Белгиленгендей, бул чечим коронавирус пандемиясынын экономикага тийгизип жаткан терс таасиринен улам кабыл алынган.

2018-жылы Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктарга бөлүнгөн каражаттар региондорду өнүктүрүү максатында берилген.

«Коммерциялык банктар экономиканын башка тармактарын жаны региондорду каржылоо үчүн Улуттук банктан насыя алышат», — деп түшүндүрмө берди «Акчабарга» регулятор.