Улуттук банк Кыргызстанда жасалма банк пайда болгонун билдирди

2 февраля 2024, 09:50

Инстаграм социалдык тармагында “Кыргыз-чех банкынын” баракчасы пайда болду. Банк өзүн Кыргызстандагы чех капиталы менен банктык кызматтарды көрсөткөн биринчи банк катары көрсөтүүдө. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Бирок мындай банк Улуттук банктын коммерциялык банктарынын реестринде көрсөтүлгөн эмес.

“Улуттук банкка бул банкты түзүү боюнча эч кандай кайрылуу түшкөн жок, буга байланыштуу жарандардан этият болууну суранабыз”, - деп түшүндүрөт Улуттук банк.