Улуттук банк кызматкерлердин жарымын аралыктан иштөөгө жөнөтөт

1 июля 2021, 17:30

Улуттук банк айрым кызматкерлерин 2-июлдан тарта аралыктан иштөө режимине которууну чечти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынды. Бул учурда процесстер кадимкидей эле жүргүзүлөт.

COVID-19 инфекциясынын жайылышына каршы иш-чаралардын алкагында, улуттук банк жарандарды жеке кабыл алууну убактылуу токтотту. Кайрылуулар мыйзамда белгиленген тартипте каралат.