Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсунун секиригинин себебин түшүндүрдү

28 апреля 2022, 13:53

Кыргызстандын Улуттук банкы акыркы убакта ички валюта рыногунда АКШ долларынын курсунун өзгөрүшү дүйнөдөгү геосаясий кырдаалды эске алуу менен тышкы финансы рынокторундагы белгисиздикке, ошондой эле ички валюта рыногунда чет элдик валютага суроо-талаптын жана сунуштун пайда болушуна көбүрөөк байланыштуу деп түшүндүрдү.

“Учурда өлкөдө өзгөрүлмө алмашуу курс режими иштейт, башкача айтканда, валюта курсу чет элдик валютага болгон суроо-талап жана сунуш менен аныкталат. Бул жагынан алганда, белгилүү бир убакыттын ичинде курсу өсүшү да, төмөндөшү да мүмкүн. Бул режим үчүн курстун күнүмдүк өзгөрүшү нормалдуу деп эсептелет”,- деп билдирди Улуттук банктын басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, Улуттук банк ички валюта рыногундагы жана тышкы финансы рынокторундагы кырдаалга күн сайын мониторинг жүргүзүп, зарыл болгон учурда тиешелүү операцияларды жүргүзөт.