Улуттук банк май айында 20.8 млрд сомго кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды сатты

8 июня 2020, 11:30

Улуттук банк тарабынан өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгында, сатылган кыска мөөнөттүү баалуу кагаздардын көлөмү 20 млрд 810 млн 690 миң сомду түздү. Бул маалыматты «Сенти» каржы компаниясы билдирди.

Келишимдердин басымдуу бөлүгүн 7 жана 14 күндүк ноталар түзгөн. Сатуудан 7 млрд 760 млн сом, көлөмдүн көпчүлүк бөлүгү 28 күндүк нотадан - 5 млрд 290 млн 690 миң сом келип түшкөн.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын май айына салыштырмалуу УБ ноталардын сатуу көлөмү төмөндөгөн. Ушул эле учурда баалуу кагаздардын орточо кирешеси өсөн. 7 жана 14 күндүк ноталардыкы - 0.15%, 28 күндүк ноталардыкы - 0.65% жогорулаган.