Улуттук банк менен ЕРӨБ кызматташуу меморандумуна кол койду

4 апреля 2024, 15:30

Бишкекте Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча регионалдык директору Айтен Рустамованын жолугушуусу өттү.

Улуттук банктын маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө жашыл экономиканы өнүктүрүү, Кыргызстандын финансы системасына ESG принциптерин киргизүү жаатында мындан ары кызматташуу багыттары талкууланды.

Тараптар финансы секторунда климаттык тобокелдиктерди кыйла натыйжалуу аныктоо, баалоо жана башкаруу, корпоративдик климаттык башкаруу жана өткөөл мезгилди пландаштыруу үчүн көзөмөлдөө боюнча сунуштарды жана жөнгө салууну иштеп чыгуу жана ишке киргизүү тармагында кызматташуу боюнча Улуттук банк менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда меморандумга кол коюшту.