Улуттук банк: 7, 14 күндүк ноталардын кирешеси төмөндөдү

2 сентября 2020, 08:30

Улуттук банктын 1-сентябрда өткөргөн аукционунун жыйынтыгында 7-,14-,28- жана 91 күндүк баалуу кагаздардын орточо кирешеси 3.95%, 4.21%, 4.37% жана 4.75% түзгөн. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалат.

25-августта өткөн аукцион менен салыштырып караганда 7 жана 14 күндүк ноталардын пайыздык кирешеси 0.02% жана 0.01% төмөндөп, 28 күндүкү 0.01% жогорулаган.

Эске сала кетсек, Улуттук банк ноталарды жайгаштырууудан улам 7 млрд 950 млн сом тартууну пландаган.