Эмне үчүн Улуттук банк ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт? Регулятордун жообу

19 ноября 2020, 10:55

Улутук банк өткөзүп жаткан аукциондук ноталардын башкы максаты — бул улуттук валютанын ликвидүүлүгүн банк тутумунан чыгаруу. Банк операциялары экономикадагы каражаттардын көлөмүн кыскартуу үчүн жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Акчабарга» Улуттук банктан маалымдашты.

Аукциондун эсебинен которулган каражаттар эч жакка которулбайт, бирок белгилүү бир убакытка чейин банк тутумунан алынып, Улуттук банкта калтырылат.

Ликвидүүлүктү жөнгө салуу - бул дүйнөдөгү бардык борбордук банктар жасачу стандарттуу иш.

Кошумчалай кетсек, ноталар каржы-насыя саясатынын инструменты катары эсептелинет.

Ноталар дисконттук баалуу кагаздар болуп эсептелинет жана 7 күндөн 364 күнгө чейинки мөөнөттө чыгарылат. Бир нотанын номиналдык баасы — 10 миң сомду түзөт.

Андан сырткары, белгилей кетүүчү нерсе, бүгүнкү күндө кароодогу ноалардын жалпы көлөму 13 млрд 473 млн 550 миң сомду түзөт, анын ичинен басымдуу бөлүгү 28 күндүк ноталардын эсебинен которулган.