Улуттук банк «Telegram» каналдары аркылуу акча алмаштырбоого чакырат

13 октября 2023, 13:03

Улуттук банк “Telegram” платформасы аркылуу акча алмаштыруу тобокелдүү экенин баса белгилейт.

Мекеме социалдык тармактар ​​аркылуу нак чет элдик валютаны алмаштырууда алдамчылык жана жасалма банкнотторду чыгаруу фактылары көбөйгөнүн белгилеп, жарандарды лицензиясы бар атайын уюмдарда гана акча алмаштырууга чакырат.

Белгилеп кетсек, лицензиясыз чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарын бузуу болуп саналат.

Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган жеке жактарга 17,5 миң сом, юридикалык жактарга 55 миң сом айып салат. Ал эми лицензиясы жок иштерди системалуу түрдө жүргүзгөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Улуттук банк “Telegram” каналдарынын катышуучуларынын арасында кылмыштуу элементтер да болушу мүмкүн экенин эскертет. Мында алдамчылык же талаш-тартыштар болгон учурда акча алмашуу болгонун далили болбойт.