Улуттук банк валюта рыногунан 19,2 млн доллар сатып алды

17 апреля 2024, 09:12

16-апрелде Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногуна чыгып, 19,2 миллион доллар сатып алды.

Анын ичинен Улуттук банк 19 миллион долларды бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүү менен жана дагы 200 миң долларды бүтүм түзүлгөн датадан башка күнгө эсептешүүлөр менен сатып алган.

Кошумчалай кетсек, бул жөнгө салуучу органдын быйылкы үчүнчү тескери интервенциясы.