Улуттук банктын эл аралык резерви 3,1 млрд долларга жетти
Улуттук банктын эл аралык резерви 3,1 млрд долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууда билдирди.
Белгилеп кетсек, 20-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банктын 2023-жылы жасаган иштери менен таанышты.
Депутаттарга Улуттук банктын негизги функциялары жана милдеттери, Улуттук банктын 2023-жылга карата ишинин алдын ала жыйынтыктары, акча-кредит саясатын ишке ашыруу, финансы-кредиттик уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жана натыйжалуулугун камсыз кылуу, өлкөнүн төлөм системасынын коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү тууралуу маалыматтар айтылды.