Улуттук энергохолдинг: электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлбөйт

14 декабря 2020, 16:10

Кыргызстанда электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлбөйт. Бул тууралуу маалымат жыйында «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Асхат Бердиев билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыктар жаңы жылды электр жарыгы менен тосушат.

«Электр энергиянын көп колдонулушу автоматтык түрдө өчүрүүгө алып келиши мүмкүн. Андыктан электр жарыгын үнөмдүү колдонууга чакырат элем», - дейт ал.