Улуттук госпиталда үч күн акысыз томографиядан өтсө болот

22 ноября 2023, 09:25

Улуттук госпиталда үч күн акысыз томографиядан өтсө болот. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, текшерилүүнү каалагандар 22-24-ноябрь күндөрү дарыгердин багыттамасын алып келиши керек.

Ашказанын текшертүүнү көздөгөндөр ачкарын болушу зарыл.

Томографиядан өтүү бул күндөрү эртең мененки саат 9дан күндүзгү 4кө чейин жүргүзүлөт.

Текшерилүү үчүн бейтаптардын кезеги алдын ала, 0709905511 телефону аркылуу жазылат.