Ун чыгаруучу ишканаларга буудай алуу үчүн 800 млн сом женилдетилген насыя берилет

23 марта 2020, 17:30

Ун чыгаруучу ишканаларга дан азыктарын алуу үчүн 800 млн сом жеңилдетилген насыя каралган. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 23-мартта өткөн брифингде билдирди.

«Каражаттар буудай алганга коротулушу керек. Бул өкмөттүн тамак-ашты камсыздоодогу бирден-бир жолу. Андан сырткары, соода түйүндөрү жана товар жеткирүүчүлөр менен азык-түлүктү тынымсыз камсыз кылып туруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — деп айтты.

Андан сырткары вице-премьер-министр кээ бир азык-түлүктөрдүн баасына атайын өкмөт тараптан чек коюлгандыгын кошумчалады.

Коронавирус менен күрөшүүгө мамлекеттик бюджеттен Саламаттыкты сактоо министрлигине 30 млн сом которулат. Өзгөчө кырдаал министрлигинин өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсебине - 225 млн со, соода-сатык коопсуздугун сактоого - 631 млн сом которот. Зарыл учурда өкмөт дагы каражат бөлүүгө даяр.