«Унаа» ишканасынын айрым бөлүмдөрү карантинге жабылат

3 июля 2020, 13:30

«Унаа» ишканасынын Бишкек шаардык жана Аламүдүн, Ысык-Ата райондук бөлүмдөрү 6-19-июль күндөрү карантинге жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

«Акыркы күндөрдө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин арасында короновирустук инфекцияны жуктурган учурлардын көп болуусун эске алуу менен COVID-19дун массалык жайылышын болтурбоо максатында «Унаа» ишканасынын Бишкек шаардык бөлүмү жана Аламүдүн, Ысык-Ата райондук бөлүмдөрү 6-июлдан тартып 19-июлуна чейин карантинге жабылат. Мындан тышкары, Бишкек шаардык бөлүмүнүн Аймактар аралык секторунун (“Риом” авторыногу) иш күндөрү кыскартылып, ал ишемби, жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү иштейт», - деп билдирет Каттоо кызматы.

Каттоо кызматынан белгилешкендей, 6-июлдан тартып “Унаа” ишканасынын Борбордук аппараты аралыктан иштөөгө өтөт. Ошол эле учурда аймактык бөлүмдөрдүн ишин координациялоо жана контролдоо үчүн “Унаа” ишканасынын Борбордук аппаратында кызматкерлер нөөмөткө чыгып иштейт.

«Унаа» ишканасынын иши боюнча маалымат жана кеңештерди алуу үчүн 0312 63 31 74 жана 0312 63 39 31 номерлерине кайрылууга болот.