Унааларга милдеттүү түрдө видео көзөмөл орнотуу сунушталды

25 декабря 2023, 09:20

Кыргызстанда унааларга милдеттүү түрдө видео көзөмөл орнотуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Ички иштер министрлиги демилгеледи.

Мыйзам кабыл алынса айдоочулар 2025-жылдан тарта машинелерине видео камера сатып алышы керек. Мындай жабдык орнотпогондорго айып пул салынат.

Документ жол кырсыктарын азайтуу боюнча иш-чаралардын негизинде иштелип чыккан.