Ушул айдан тарта пенсия 500 сомго жогорулады

2 октября 2023, 16:30

1-октябрдан тарта өлкөдө 30 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38%га, 500 сомдон кем эмес өлчөмдө көтөрүлдү. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30 миң сомдон ашык пенсия алгандардын пенсиясы көтөрүлбөйт.

Белгилеп кетсек, быйыл жыл башында Кыргызстандагы жашоо минимуму 7 миң 500 сомду түзгөн. Бирок, коомдо жашоо минимумуна жетпеген пенсия алгандардын санынын көптүгү кызуу талкууланып келет.