Ушул жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын ИДПсы 282 млрд сомду түздү

12 августа 2020, 13:08

Ички дүң өнүм 2020-жылдын январь-июль айларында алдын-ала эсептөөлөр боюнча 282 миллиард сомду түздү. Өткөн жылдын ошол мезгилине салыштырмалуу 6,1%га төмөндөгөн. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирди.

«Кумтөр» кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында 244 миллиард сомдон ашык сумманы түзүп, 7,7%га төмөндөгөн.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2020-жылдын январь-июль айларында болжол менен 180 млрд. сомду түздү жана 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,9%га төмөндөдү, бул өндүрүш көлөмүнүн төмөндөшүнө байланыштуу:

  • мунай продуктулары - 59%га;
  • текстиль өндүрүшү, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын өндүрүү - 20,4%га;
  • жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфия иши - 18,5%га;
  • резина жана пластмасса буюмдары, башка металл эмес минералдык заттар - 16,5%га;
  • тамак-аш азыктары (суусундуктарды кошо алганда) жана тамеки буюмдары - 5,3%га;
  • пайдалуу кендерди казып алуу - 4,2%га.

Курулушта терс тенденциялар байкалган, мында көлөмдүн төмөндөшү 8,9%, дүң жана чекене соода 17,6%ды түзгөн, ал эми айыл чарбасында тескерисинче, көлөмдүн 1,8%га көбөйүшү байкалган.