Уставдык капиталдын көлөмүн үч компания көтөрдү
Сентябрда эки коммерциялык банк жана бир компания уставдык капиталдарын кошумча акциянын эсебинен толукташкан. Бул тууралуу Кыргыз биржа фонду маалымдады.
ААК «Айыл Банк» уставдык капиталын 97.1 млн сомго толтуруп, 15-акциясын жайгаштырды.
Бул учурда «Кыргызстан» банк 220.7 млн сомго 21-жөнөкөй акциясын жайгаштырды.
Кошумчалай кетсек, «Голден Дринкс» өндүрүүчү компания 75.1 млн сомго 3-акциясын жайгаштырды.