Ветеринариялык дары-дармектерди көзөмөлдөө боюнча электрондук тутум иштелип чыкты

31 января 2022, 10:20

Айыл чарба министрлигинде ветеринариялык дары-дармектерди көзөмөлдөө боюнча электрондук тутум иштелип чыкты. Долбоор ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен биргеликте аткарылды.

Анын алкагында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда пилоттук тестирлөө өткөрүлгөн.

Маалыматка ылайык, бул байкоо жүргүзүүнүн маалыматтык тутуму Кыргызстандын аймагында ветеринардык дары каражаттарынын жүгүртүүсүн контролдоону жана көзөмөлдөөнү камсыз кылат.