Visa ири төлөм компаниясы КР 7 ооруканага жеке коргонуучу каражаттарды тапшырды

14 августа 2020, 13:30

Visa ири төлөм компаниясы жети мамлекеттик ооруканага жеке коргонуучу каражаттарды тапшырды. Бул тууралуу компаниянын Орто Азиядагы басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан компания тарабынан 3 миң 500 даана жеке коргонуучу каражаттар сатылып алынган.

«Вирусту биримдикте жеңүүгө болот экендиги далилденди. Кыргызстанда медицина кызматкерлери бүгүнкү күнгө чейин бул вирус менен күрөшүп келе жатышат. Биздин компания өмүр сакчыларынын коопсуздугу үчүн биринчи керекте керектелүүчү шаймандарды алып берди», — деп билдирди Визанын Борбордук Азиядагы аймактык менеджери Алия Чыныбаева.