WhatsApp тиркемесинин колдонуучулары 2 млрддан ашты

13 февраля 2020, 17:00

WhatsApp мессенджеринин дүйнө жүзү боюнча колдонуучуларынын саны 2 млрддан ашты. Бул тууралуу ишкананын маалыматына тянып vc.ru порталы жазып чыкты.

Тиркеменин аудиториясы 2018-жылдан бери 500 млн колдонуучуга көбөйгөн, анда алардын жалпы саны 1,5 млрд колдонуучуну түзгөн.

«WhatsAppдагы ар бир билдирүү корголгон. Ал сизди хакерлерден жана ниети бузук адамдардан коргой турган ачылбаган санариптүү сандык сыяктуу»,- деп айтылат маалыматта.