Яндекс Go жапырт тыгындан качууга жардам берет

4 августа 2023, 10:24

Сапарды пландоо дагы ыңгайлуу болуп калды – “Яндекс Go” баа индексин ишке киргизди. Ал учурдагы суроо-талаптын деңгээлин гана эмес, күн ичиндеги баанын кандай өзгөргөнүн дагы көрсөтөт. Тиркемеде атайын график пайда болду: ал машинаны азыр же бир аз күтө туруп, көчөдөгү жапырт кыймыл басаңдагандан кийин чакыруу жөнүндө чечим кабыл алууга жана акча үнөмдөп калууга жардам берет.

Мындай график түзүү үчүн алгоритм дароо бир нече маанилүү көрсөткүчтүн маалыматын салыштырат. Ал жакын арадагы бош унаалардын санын жана ошол багыт боюнча акыркы төрт жумадагы сапарлардын баасын талдайт. Бул мезгил аралыгы атайын тандалып алынган – себеби ошол күндөрү баалоо үчүн жетиштүү маалымат топтолот жана аба-ырайы менен жол жүрүү шарттары окшош болот. Эгерде сапардын баасы адаттагыдан жогору же төмөн болсо тиркеме муну эске алат жана буга кандай факторлор таасир эткенин көрсөтөт.

“Яндекс Go/Yandex Go” суроо-талап жогору болгон учурда дагы жол жүрүүдөн үнөмдөөгө мүмкүндүк берген технологияга ээ. Мисалы алгоритм сапар аяктагандан кийин көздөгөн орунга чейин бир нече мүнөт жөө басып барууну сунуштай алат.