Январь-февраль айларында 60.1 миң тонна эт өндүрүлгөн

23 марта 2020, 12:00

2020-жылдын январь-февраль айларында республика боюнча бардык категориялардын чарба субъектилери боюнча 60.1 миң тонна эт өндүрүлгөн. Бул өткөн жылдын январь-февраль айына салыштырмалуу 971 тонна же 1.6% көп болгон. Бул тууралуу айыл-чарба министрлигинин официалдуу сайтында маалымдалат.

Белгилей кетсек, республикадагы эт өндүрүмдуүлүгүнүн жогорулашы чочкодон башка айыл-чарба жандыктарынын саны көбөйгөндүгү менен байланыштуу.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылдын 1-январына карата ири мүйүздүү мал-жандыктын саны 53.4 миң башка өсүп, 1 млн 680.7 миң сомду түзгөн.

Республика боюнча бардык облустарда эт 2019-жылга салыштырмалуу көп өндүрүлгөн.