Январда пенсия жана жөлөкпулга 4,5 млрд сом каржыланды
Үстүбүздөгү жылдын январь айында өлкө боюнча пенсия жана жөлөкпулга 4 млрд 511,2 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын ичинен:
- Бишкек шаары — 726,2 млн сом
- Чуй облусу — 685,3 млн сом
- Нарын облусу —362,4 млн сом
- Ысык-Көл облусу — 410,9 млн сом
- Талас облусу — 188,1 млн сом
- Ош шаары — 160,8 млн сомов
- Ош облусу — 831 млн сом
- Баткен облусу — 362,9 млн сом
- Жалал-Абад облусу — 783,5 млн сом
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2021-жылдын январь-декабрь айларында пенсия жана жөлөкпулга 50 млрд 819,4 млн сом каржыланган.