Ысык-Көлгө кирүүгө тыюу салынган жок

22 июня 2020, 08:45

Мессенджерлерде бишкектиктерге Ысык-Көл облусуна кирүүгө, ал эми жиргиликтүү тургундарга облустан чыгууга тыюу салынды, мындай чечим облустук штаб тарабынан кабыл алынган деген маалымат тараган.

«Бул маалымат чындыкка дал келбейт жана бул маселе штабдын күн тартибине коюлган эмес», — деп билдирди «Кабар» маалымат агенттиги Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүктүн маалыматына таянуу менен.