Ысык-Көл: Ак илбирсти аткандар кармалды

26 апреля 2022, 14:15

Ак-Суу районундагы үйлөрдүн биринен кызыл китепке кирген ак илбирстин териси жана башы табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу райондук милициясы келип түшкөн маалыматтын негизинде Теплоключенка айылынын 37 жаштагы тургунунун үйүнө тинтүү жүргүзгөн. Анда ак илбирстин териси менен башынан тышкары мыйзамсыз сакталган мылтык да табылган.

Сурак учурунда үй ээси бул жандыкты таанышы атып, убактылуу сактай тур деп таштап кеткенин айткан. Анын көрсөтмөсү менен кылмышка шектүү катары Ак-Булуң айылынын 48 жаштагы тургуну Б.Э. кармалды.

Шектүү күнөөсүн мойнуна алып, илбирсти Ак-Суу районундагы Сырт кыштоосунан атканын айткан.