Ысык-Көл жана Соң-Көлдө балык уулоого тыюу салынды

20 ноября 2023, 11:00

Ысык-Көл жана Соң-Көлдө балык уулоого үч жылга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы кол койду.

Мындай чечим балык чарбачылыгында запасты сактап калуу жана аны көбөйтүү максатында кабыл алынды.

Ички иштер министрлигине аталган көлдөрдө мыйзамсыз балык кармоону алдын алуу боюнча иштерге көмөктөшүү тапшырмасы берилди.