Ысык-Көлдө 200 орундуу тигүү цехи ачылды

30 марта 2022, 15:30

Тоң районунун Кажы-С­ай айылында 200 орунд­уу тигүү цехи ач­ылды. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун маалыматына караганда, ишкананын ачыл­ышына аталган фонд 10 миллион сом пайы­зсыз насыя бөлгөн.

Маалыматка ылайык, учурда ишканада 90 киши иштеп жатат. Алардын орточо айлык маяналары 25-35 миң сомду түзөт. Ал эми буйрутмалардын басымд­уу бөлүгү Орусиядан келет.

“Ак­ыркы күндөрү Россияд­ан буйрутмалар көбөй­дү. Андыктан тикмечи­лердин бир айлык эмг­ек акысы 45​ миң сом­го чейин жетиши мүмк­үн. Фабрикада кызмат­керлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.