Ысык-Көлдө «Боз үй дүйнөсү» комплекси ачылат

22 февраля 2024, 09:34

Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги “Аалам Ордо” этномаданий борборундагы “Боз үй дүйнөсү” этнокомплексинин алдын ала долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эскиздерди Тоң районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгы даярдаган.

“Боз үй дүйнөсү” комплексинде боз үйдүн көргөзмөлөрү уюштурулуп, туристтерди тосуп алууга шарт түзүлөт.