Ысык-Көлдө электр тармактарына мыйзамсыз кошулган майнинг-ферма аныкталды

28 февраля 2024, 13:38

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Караколдо жергиликтүү электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте майнинг-ферманы облустун электр тармактарына мыйзамсыз кошуу фактысын аныктады.

Маалыматка ылайык, тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринде электр тармактарына мыйзамсыз кошулуп, электр энергиясын уурдоо менен майнинг-ферма иштетилип жатканы аныкталды.

“Майнинг-фермада криптовалюта чыгаруу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттер уюштурулган”, - деп айтылат маалыматта.