Ысык-Көлдөгү каралбай калган 15 пансионат 49 жылга ижарага берилет

29 августа 2023, 09:40

Ысык-Көлдөгү каралбай калган 15 пансионат 49 жылга ижарага берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, жогорудагы пансионаттар мамлекетке же мамлекеттик мекемелерге таандык.

Инвестиция салууга, оңдоп-түзөп, мейманкага курууга кызыккандар Мамлекеттик мүлк агенттигине кайрылса болот. Бирок Жапаров сөз кайсы пансионаттар тууралуу болуп жатканын тактаган жок.

Эске салсак, ушул айдын башында Ысык-Көлдөгү төрт пансионат өзбекстандык компанияларга 49 жылдык башкарууга берилген.