Ысык-Көлдөгү күндөн энергия алуучу станциянын курулушу мартта башталат

17 января 2024, 09:20

Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылындагы күндөн энергия алуучу станциянын курулушу ушул жылдын март айында башталат. Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, анын кубаттуулугу 300 МВттан кем эмес болот.

Маалыматка ылайык, учурда инженердик-геодезиялык изилдөө бүткөрүлдү, толугу менен архитектура, шаар куруу корутундусу алынды.

Долбоорго салына турган инвестициянын суммасы 250-300 млн доллардын тегерегинде болот.