Юстиция министрлиги тарабынан «Ак-Марал‎» ААК жоюлду

31 декабря 2020, 10:10

Юстиция министрлигинин 23-декабрда чыккан буйругуна ылайык, «Ак-Марал‎» ААК жоюлду. Бул тууралуу компания тастыктады.

Компанияны жоюу тууралуу чечим үстүбүздөгү жылдын 26-августундагы акционерлердин жалпы жыйынында кабыл алынган.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылы акционерлер тарабынан 203 млн сом дивиденд которулган, ААК «Ак-Маралдын» баалуу кагазынын жалпы суммасы азырынча тактала элек.