Зардалы айылына кеткен бир тилкелүү жол салынат

15 апреля 2024, 09:25

Баткен облусунун Зардалы айылына чейин бир тилкелүү жол салынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, долбоор эмдиги жылдын бюджетине киргизилип, жаздын алды менен иш башталат.

Ошондой эле, президент жолдун бир тилкелүү гана болорун, аскалуу жерлер болгондуктан эки тилке кылууга мүмкүн эместигин белгилеген.

Зардалыга жол мамлекеттин коопсуздугу үчүн зарыл”, - деп жазган президент.