Өзбекстанда кыргызстандык 280дей компания иштейт

16 января 2024, 11:55

2024-жылдын январь айына карата Өзбекстанда чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен 14 миң 53 ишкана жана уюм иштейт. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын 4 миң 657си биргелешкен ишканалар, 9 миң 396сы чет элдик ишканалар. Ал эми аталган өлкөдө кыргызстандык 279 компания иштейт.

"Өлкөдө Орусиянын - 3044, Кытайдын - 2337, Түркиянын- 1883, Казакстандын - 1064, Түштүк Кореянын - 736, АКШнын - 313, Кыргызстандын 279 компаниясы иш алып барат", - деп айтылат маалыматта.