Өзбекстандан мыйзамсыз жүктү алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды

12 апреля 2022, 10:29

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Өзбекстандан Кыргызстанга контрабандалык жүктү ташып кирүүгө аракет кылган адамды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери тарабынан Өзбекстандын “Чоң-Гара” анклавынан чыгууда Б.Ж.А., аттуу кыргызстандыктын башкаруусундагы Mercedes-Benz 817 үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерилген.

"Унааны текшерүүдө андан ары сатуу үчүн арналган чарба идиш-аяктардын ассортименти табылган. Айдоочу Өзбекстандан Кыргызстанга жүктү мыйзамсыз ташып кирүүгө аракет жасаган",- деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты каттоого алынып, материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.