Өзбекстандын өкмөт башчысы Кыргызстанга жумушчу сапары менен келди

1 апреля 2022, 14:05

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ош» Эл аралык аэропортунда сыйлуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Бүгүн эки өлкөнүн Өкмөт башчылары эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, ошондой эле Кыргызстандын президентинин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынына катышат.

Мындан тышкары, Жапаров жана Арипов Баткен облусунун Лейлек районунун Маргум айылындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин ачылыш салтанатына видеоконференцбайланыш режиминде катышат.