ЕАЭБ баалуу таштарга болгон бажы алымдарын жокко чыгарды

17 февраля 2021, 11:00

ЕАЭБде баалуу металлдардын айрым түрлөрүнө карата бажы алымдарынын ставкалары эки жылга чейин жокко чыгарылды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиядан билдиришти.

Тагырагы, жаратылыш жана искусстволук изумруд, сапфир, рубин, нефрит, александрит жана башка таштарды ташып келүүдө бажы жеңилдиктери каралды.

Бул чечим, ЕАЭБ ичинде түстүү баалуу жана жарым кымбат баалуу таштарды зер буюмдар үчүн өндүрүүдө, талапка ылайык жооп берилбей жаткандыгынан улам кабыл алынды.